Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко “Бессмертный полк” ыктыярдуу коомдук кыймылынын теңтөрагасы Николай Земцов менен жолугушту.
Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү – жакынкы жылдардын маселеси
“Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобо турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында бир топ маселелерди жана кызуу талкууну жаратты. Маселе комиссиянын күн тартибинде узак убакыттан бери турат.
Курамына Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко кирген Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегациясы Москвада ишсапар менен болууда.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко Москвада өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык конгресстин ишине катышууда.
Учурда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегациясы Россия элдеринин Ассамблеясы менен кызматташуунун алкагында Россия Федерациясында болууда. Расмий делегациянын курамында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко бар.
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Түндүк шайлоо аймагынын майыптарына жардам көрсөттү. Кайрымдуулук акциясы кечээ, 3-декабрга белгиленген Эл аралык майыптар күнүнүн алкагында өткөрүлдү.
Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү концепциясынын долбоорун карап чыкты.
Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” кабыл алуу үйүндө жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы болуп өттү.
Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан муниципалдык мүлктүн натыйжалуу колдонулбай жаткандыгы талкууланды. Фонд сыйымдуулугу 140 орунга каралган мурдагы бала бакчанын имаратын ээлейт.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү мэриянын шаардык кызматтарынын Бишкек шаарында 2017-2018-жылдардагы кышкы от жагуу мезгилине даярдыгы жана өтүүсү боюнча маалыматын угушту.
Бүгүн Бишкек шаарында “Жол кооспуздугу” коомдук уюму тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкектеги программалык офиси, Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын ИИМинин ПМББсы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ПМБсы менен биргеликте уюштурулган “Жолдогу коопсуздук:жоопкерчилик зоналары” улуттук форуму өттү.
Бишкек шаарынын ИИБсынын штабынын начальниги Сыймык Жакыпов башкармалыктын 2016-жылда аткарган иши боюнча Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берди.
Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында шаардык парламенттин кезектеги сессиясына киргизилүүчү маселелер каралууда.
Прокуратура кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти. Бул ведоствонун түзүлгөн күнүнүн 93 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын көзөмөлдөө органынын кызматкерлери чогулган Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын Бишкек шаарынын ИИББсына анын иши жөнүндө маселе боюнча көчмө кеңешмеси болду.