Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
2026-жылдын 30-июнунда Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы өз ишин аяктады.
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын күнүн жана убактысын 2026-жылдын 30-июнунуа саат 10:00гө белгиледи.
2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы аяктады.
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын күнүн жана убактысын 2026-жылдын 31-мартына саат 10:00гө белгиледи. Сессия Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 166 дарегинде жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында өтөт.
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиевдин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

20.03.2026

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Орозоңуздар кабыл болсун жана бардык жакшы тилектер орундалсын!

Ыйык Орозо айында жасалган бардык жакшы иштер улантылсын! Элибиздин биримдиги бекем болуп, өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун. Ар бирибиз жакшы иштерди жасап, коомубуздун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.

Бул куттуу күн ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана жылуулук алып келсин. Жараткан ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, ырыскы-насип жана үй-бүлөлүк бакыт берсин. Үйлөрүңүздөрдө дайыма кубаныч, ынтымак жана береке орносун.

 

Айтыңыздар маарек болсун!

 

Урматтоо менен,

Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиев.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин 8-март – Эл аралык айымдардын күнү менен куттуктоосу.

08.03.2026

Урматтуу апалар, эже, карындаштар, ардактуу айымдар!

  Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди  эл аралык айымдар күнү - 8-март  майрамыңыздар  менен чын жүрөктөн куттуктайм.  

Адамга өмүр тартуулаган ааламдын эң асылы – Аялзатты даңазалаган  бул майрам, жаз айынын башталышында белгиленип, мээримдүүлүктүн, сулуулуктун символу катары сезилет. Сиздер бар үчүн үйүбүз берекеге толуп, бактылуу жашоо кечирип келебиз. Сабырдуулук, акылмандык, мээримдүүлүк  менен бизди жакшыга  шыктандырып турасыздар. Кайгы тартып, кыйынчылыкка туш болсок - кайрат айтып,  кубансак - акыл айтып, адашсак - жол көрсөтүп, бизди жамандыктан сактаган, жакшылыкка багыттаган акылмандыгыңар, айкөлдүгүңөр баа жеткис.

   Сиздер үй-бүлөлүк түйшүк менен кошо, коомдук иште да оор жүктү көтөрүп, жоопкерчиликтүү кызматкерлер, мыкты профессионалдар катары Бишкек шаарынын, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө салымыңыздарды кошуп келатасыздар.  Сиздерге терең таазим! 

Бишкекте бюджеттик угуулар өтөт!

17.02.2026

Бюджеттик угуулар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилеринин жана шаардык жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар коомчулукту маалымдоо жана бюджет долбоорун кароо, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлөт. Жалпы шаардык бюджеттик угуу төмөнкү даректе өтөт: Чүй проспектиси 168а дарегинде жайгашкан «Тунгуч» театрынын имаратында (мурунку Жаштар драмалык театры).

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

31.12.2025

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

2025-жыл менен коштошуп, 2026-жылды тосуп алып жатабыз. Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кележаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл шаарыбыз үчүн маанилүү иштердин, өзгөрүүлөрдүн жана ынтымактуу эмгектин жылы болду. Бул жетишкендиктер сиздердин ишенимиңиздердин, колдооңуздардын жана биримдигибиздин жыйынтыгы.

Келе жаткан 2026-жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт, ден соолук жана береке алып келсин. Балдарыбыздын күлкүсү, ата-энелерибиздин батасы ар дайым жан дүйнөбүздү жарык кылып турсун. Бишкек шаарыбыз тынч, коопсуз жана мындан да көрктүү болсун.

         Жаңы жылыңыздар берекелүү, кирешелүү жана жакшылыктарга бай болсун! Өнүккөн, көрктүү жана заманбап Бишкек үчүн бирге эмгектенип, жаркын келечекке биргеликте умтулалы. Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын, үй-бүлөлүк жылуулук жана бакубатчылык каалайм. Эң асыл кыялдарыңыздар орундалып, жаңы жылдын ар бир күнү жарыкка, жакшы кабарларга жана жылмаюуларга толсун. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өсүү болсун.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу шаардыктар!

БШКнын токтомдору