30.01.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августундагы № 145
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси менен толукталсын;
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын коюму төмөнкүлөргө таркатылаары белгиленсин:
49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө түзүлгөн Бишкек шаарындагы жер участокту ижаралоо келишимине;
электрондук форматтагы аукцион аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокту ижаралоо келишимин түзүү укугуна.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев