Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Кезексиз сессияга Бишкек шаардык кеңешинин төраганын орун басарлары Алмаз Шананов жана Алмаз уулу Аскар, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басарлары, Бишкек шаарынын төрт районунун акимдери, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары Ренат Солтонов жана Арафат Исмаилов депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришип, ант беришти. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Ренат Солтонов “Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп таанылды. Ал эми Арафат Исмаилов “Адилет” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп таанылып, депутаттык мандаттарын алышты.
Ошондой эле кезексиз сессиянын жүрүшүндө “Адилет” фракциясынын лидери Таалайбек Дайырбеков өз каалоосу менен фракция лидерлигинен баш тартты. “Адилет” фракциясынын жаңы лидери болуп депутат Эркин Бахтияров шайланды.
Кезексиз сессиянын күн тартибине ылайык депутаттар төрт маселени карашты:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.
2. “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
3. “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
4. “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.

Күн тартибиндеги бардык маселелер каралып бүткөндөн кийин кезексиз XV сессия өз ишин жыйынтыктады.