Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

09.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 151

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарынын аймагында шаардан тышкары аймактардан келген жүргүнчү транспортунун кыймылын тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун «б» пунктчасындагы «Чыгыш автобекети;» деген сөздөр «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы;» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункттун «д» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«д) төмөнкүлөр чыгыш багытында - Новопокровка айылынын Ленин көчөсү боюнча (Чүй облусу, Ысык-Ата району) Киргшелк айылынан (Чүй облусу, Ысык-Ата району) бурулуу менен айланып өтүү жолуна карай, түндүк-чыгыш багытындагылар - Ленинское айылынын Алма-Ата көчөсү боюнча (Чүй облусу, Аламүдүн району) жана түштүк-чыгыш багытында - 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү боюнча;»;

3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы ушул токтомдо көрсөтүлгөн шаар көчөлөрү боюнча кыймылды эске алуу менен Бишкек шаарынын чегиндеги шаардан тышкаркы каттамдардын жүрүү чиймелерин макулдашууну жүзөгө ашыра тургандыгы;»;

4-пункттагы:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«4. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы эки айлык мөөнөттө:»;

экинчи абзацтагы «Чыгыш жана Батыш автобекеттерине» деген сөздөр «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы», Батыш автобекети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацтагы «Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмү» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6-пунктта «(Ж. М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри   З. И. Бекбоевге» деген сөздөр «жана Бишкек шаарынын мэрине                                    (А. Дж. Джунушалиев)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев