
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы
Улуттук инновациялык технологиялар
мектеп-лицейинин турак эмес жайын
жанаша жайгашкан жер участогу менен
мамлекеттик менчикке акысыз
ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Мүлктү талаптагыдай эсепке алууну жүргүзүүнү жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 68 дарегинде жайгашкан профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин турак эмес жайын, идентификациялык коду: 1-03-07-0040-0523 аянты 2,8 га жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Негиздеме-маалымкат (docx.25.6kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

