2026-жылдын 13–14-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын республикалык жана облустук маанидеги шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары арасында «Спартакиада-2026» спорттук мелдештери өткөрүлдү. Иш-чараны Бишкек шаардык кеңеши уюштурду.
Бишкек шаардык кеңеши «Спартакиада-2026» спорттук иш-чарасын уюштурууга жана өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу жана жигердүү катышуусу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирет.
Спартакиадага Бишкек, Ош, Баткен, Манас, Нарын, Талас, Токмок жана Каракол шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынан түзүлгөн командалар катышты.
Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашты: мини-футбол, бильярд, армрестлинг, аркан тартыш, таяк тартыш, дартс, мык кагуу жана «Үч тапан» оюну.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев спорттук эстафетаны өткөрүп берүү аземинин алкагында Ош шаарынын өкүлдөрүнө спорттун символу болгон футбол тобу менен ышкырыкты тапшырды. Бул белектер кийинки Спартакиаданы өткөрүү эстафетасынын Ош шаарына берилгендигин символдоштурду.
Мелдештердин жыйынтыгында спорттун айрым түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
Футбол:
* I орун – Бишкек шаары;
* II орун – Каракол шаары;
* III орун – Ош шаары.
Дартс (командалык):
* I орун – Талас шаары;
* II орун – Бишкек шаары;
* III орун – Ош шаары.
Таяк тартыш (эркектер):
* I орун – Баткен шаары;
* II орун – Бишкек шаары;
* III орун – Талас шаары.
Таяк тартыш (аялдар):
* I орун – Токмок шаары;
* II орун – Баткен шаары;
* III орун – Каракол шаары.
Армрестлинг (эркектер):
* I орун – Каракол шаары;
* II орун – Манас шаары;
* III орун – Ош шаары.
Армрестлинг (аялдар):
* I орун – Талас шаары;
* II орун – Каракол шаары;
* III орун – Ош шаары.
Үч тапан:
* I орун – Нарын шаары;
* II орун – Манас шаары;
* III орун – Талас шаары.
Аркан тартыш:
* I орун – Ош шаары;
* II орун – Манас шаары;
* III орун – Талас шаары.
Бильярд:
* I орун – Каракол шаары;
* II орун – Манас шаары;
* III орун – Каракол шаары.
Мык кагуу:
* I орун – Токмок шаары;
* II орун – Талас шаары;
* III орун – Бишкек шаары.
Командалык эсептин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- I орун – Талас шаары;
- II орун – Каракол шаары;
- III орун – Манас шаары.
Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
«Спартакиада-2026» спорттук мелдештери жергиликтүү кеңештердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталды


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

