Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 24-октябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жана коомдук бирикмелердин тургундар жыйындарында шайланган активисттери катышты. Жыйында 500 шайланган өкүлдүн ичинен 459 катышып, кворум камсыздалды.
Жыйынды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев расмий түрдө ачып, ага төрагалык кылды. Иш-чарага төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү да катышышты.
Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын өкүлдөрүнө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шайланган 72 делегатты куттуктап, алдыда боло турган V Элдик Курултайда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып баруусун каалады.





Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

