2026-жылдын 20-октябрында Бишкек шаардык кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов жетектеди. Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана жумушчу топтун мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын лидери Эркин Салымбеков, «Ынтымак» фракциясынын лидери Дүйшөн Бектемиров, «Адилет» фракциясынын лидери Эркин Бахтияров жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 24-октябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда өтө турган Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына даярдык көрүү жана аны уюштуруу маселелери каралды.
Катышуучулар алдыдагы иш-чараны белгиленген талаптарга ылайык өткөрүү боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшүн талкуулап, тиешелүү маселелерге көңүл бурушту.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

