2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Кезексиз сессияга Бишкек шаардык кеңешинин төраганын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов, Алмаз Шананов жана Алмаз уулу Аскар, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жайнак Ибрагимов, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталды. Андан соң күн тартибиндеги «Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Участкалык шайлоо комиссияларынын резервин комплектөө үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору каралып, депутаттар тарабынан колдоого алынды.Ушуну менен Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы өз ишин аяктады.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети





