Джал” кичирайонундагы № 70, 71, 73, 74, 77 үйлөрүнүн короолорунда көптөн күткөн кубаныч. Бишкек шаардык кеңештин депутаты-Жаныбек Абиров 2 заманбап балдар аянтчасын орнотту.
Жаңылыктар
Бул визиттин эң маанилүү жыйынтыгы болуп Пекин шаарынын Эл өкүлдөрүнүн чогулушунун туруктуу комитетинин төрагасы Ли Вэйем менен жолугушуусу болду.
Пекин шаарына Бишкек шаардык кеңештин делегациясынын расмий визити 1956-жылы негизделген «Beijng Sanyuan Foods Co» ишканасына баруу менен башталды. Бул компания сүт азыктарын өндүрүү боюнча КЭРдин үч ири ишканасына кирет.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко «Бишкек шаарынын аймагында тиричилик таштандыларды иштетүүнүн милдеттүү эрежелери” долбоорун талкуулоого катышты.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын расмий делегациясы Кытай Эл Республикасына келип түштү.
Бүгүн 2017-жылдын 7-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев Сеул шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы Ян Джун Ук башында турган кореялык делегация менен жолугушту.
Бүгүн “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды тескөө тутумун жакшыртуу” темасында тегерек стол болду.
Кесиптик майрамга карата жана борбордун аймагында жол кыймылын тартипке келтирүүнү камсыздоодо кошкон чоң салымы үчүн мамлекеттик автоинспекциянын беш кызматкери Бишкек шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
Чын жүрөгүмдөн ыйык Рамазан айынын аякташы менен жана Орозо айтыңыздар менен куттуктайм!
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмазбек Уланов Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун демилгеси менен өткөрүлгөн “Улуу муун – акыл менен тажрыйбанын булагы. Жакшыны келечек үчүн сактайлы” аттуу тегерек столдун ишине катышты.
Бүгүн Бишкекте ЕАЭУнун катышуучу-өлкөлөрүнүн “ЕАЭУ мамлекеттеринин антитеррордук күрөшү: биргелешкен тажрыйба, реалдуулук жана перспективалар” антитеррордук форуму өтүп жатат.
Жол кырсыгында жабыркаган эки баланын бири – борбор калаанын мектебинин окуучусу Алимбек Сыранов ооруканадан чыкты.
Документ маданият, билим берүү, спорт жана жаштар жаатындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык багыттардагы эки тараптуу пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнү болжолдойт.
Бишкек шаардык кеңештин Уфа шаарында иш сапар менен жүргөн делегациясы башкыр улуттук баатыры Салават Юлаевдин эстелигине гүл коюу салтанатына катышты.
Бишкек шаардык кеңештин делегациясынын Уфа шаарына болгон жумушчу сапары Россия Күнүнө, Уфа шаарынын 443 жылдыгына жана башкыр улуттук баатыры Салават Юлаевдин 263 жылдыгына туш келди.
Салтанатта чыгып сөз сүйлөп жатып борбордук муниципалитеттин башчысы Ирек Ялалов ар жылы ушул үч майрам бир майрамдай майрамдалып жаткандыгын, майрамдык салтанаттар баатыр Салават Юлаевдин эстелигинин жанынан башталарын, бул көп улуттуу Башкортостан республикасынын элинин символу экендигин белгилеп өттү. Ошону менен бирге бардыгына бакыт, ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.
Чогулгандарды Бишкек шаардык кеңештин атынан төрага Канатбек Музуралиев куттуктады. Ошол эле учурда биздин борбор шаарларыбыздын ортосундагы кызматташтыктын тез өнүгүүсүнө ортодогу аралык тоскоол болбостугун белгилеп, келечек пландарга чоң үмүтү бар экендигин билдирди