Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Учурда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегациясы Россия элдеринин Ассамблеясы менен кызматташуунун алкагында Россия Федерациясында болууда. Расмий делегациянын курамында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко бар.

Сапардын максаты – алдыңкы россиялык жана кыргызстандык окуу жайлар, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар, Россия жана Кыргызстандын илимий, ишкердик жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен өнөктөштүк жана  ишкердик байланыштарды түзүү.

Кыргыз делегациясынын сапарынын программасы кеңири: IV Евразиялык экономикалык конгресстин ишине катышуу, Мамлекеттик Думанын улут иштери боюнча комитеттин төрагасы Ильдар Гильмутдинов менен жолугушуу ж. б.

Делегация мүчөлөрү москвалык этноборбордо болушту. Бул дүйнө элдеринин тарыхынын, архитектурасынын, маданиятынын жана турмушунун музейи болуп саналат.  Этнографиялык маданий комплекс – улут аралык ынтымактын күзгүсү.