Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко “Бессмертный полк” ыктыярдуу коомдук кыймылынын теңтөрагасы Николай Земцов менен жолугушту.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Валентина Лисниченко Бишкекте өткөн акция тууралуу жана аны канча адам колдогону жөнүндө айтып берди.

“Ар улуттун,  ар кайсы динди тутунган жана ар кандай жаш курактагы жарандарыбыз бир катарда басты. “Бессмертный полк” кыймылына советтик элдин сыймык, мекенчилдик жана берилгендик сезимдери сиңирилген. Акцияга 30000га жакын адам катышканы жакшылыктын,  мээримдүүлүктүн, тынчтыктын жана ынтымактын салттары – кыймылдагыс экендигин далилдеген көрсөткүч”-дейт Валентина Лисниченко.

Мындан тышкары кыргыз делегациясы Москва шаарындагы мечиттердин бирине барды. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегациясы Россия Федерациясынын мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары, Санкт-Петербург жана Ленинград областынын мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасы, Москва ислам институтунун ректору, Россиянын коомдук палатасынын мүчөсү Дамир Мухетдинов менен жолугушту.