Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко Москвада өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык конгресстин ишине катышууда.

Евразиялык форумдун ишине Россиянын, Беларустун, Армениянын, Казахстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда.

Конгресстин негизги максаты – катышуучулар менен ЕАЭУ мамлекеттеринин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Кытай, Индия жана Европалык союз менен кызматташтыгын жана евразиялык интеграция маселелерин талкуулоо.

Айрым сессиялар ЕАЭУнун Бажы кодексин кабыл алуусуна, атап айтканда, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институтун түзүүгө, бирдиктүү дары-дармек базарын иштетүүгө, өнөр-жай кооперациясынын жана жалпы энергетикалык базарын түзүүгө арналган.

IV Евразиялык экономикалык конгресстин негизги темаларынын бири – евразия континентинин өлкөлөрүнүн экономикалык мамилелерин кайрадан жүктөө.

Евразиялык экономикалык конгресс – бул ЕАЭУ катышуучу-мамлекеттеринин бизнес чөйрөсү менен мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн түз диалогунун аянтчасы экендигин белгилеп кетүү зарыл.