Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин  бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы Бишкек шаарынын жашыл  фондун өнүктүрүү  концепциясынын долбоорун карап чыкты.

Бул документ экологиялык коопсуздукту, шаарда отурузулуп жаткан көчөттөрдүн туруктуу өсүүсүн, алардын эстетикалык баалуулугун жогорулатууну камсыздоо үчүн бак-дарактарды  күтүү боюнча иштин ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүүгө багытталган.

 

Концепцияга киргизилген ишчаралар муниципалитеттин шаардыктар менен натыйжалуу алака түзүүгө жана жалпысынан муниципалитетке жакшы мамилеге негиз болуп кызмат кылмакчы.