Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин  көпчүлүк коалициясы шаардык кеңештин төрагалыгына КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу 11-декабрда Бишкек шаардык кеңештин  кезексиз XI сессиясынын жүрүшүндө маалым болду.

Алмаз Кененбаев чыгып сүйлөгөн сөзүндө кесиптештерин  ага ишенип, талапкерлигин  төрагалыкка көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын өнүгүүсү үчүн болгон күчүн жумшай тургандыгын билдирди. “Болгон билимимди жана күчүмдү шаарыбыздын өнүгүүсүнө, ошондой эле сапаттуу документтерди кабыл алууга багыттайм”-деди ал.

Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңештин өткөн, XXVI чакырылышында дагы спикерлик кызматта эмгектенген.