Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын  жыйынында “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан муниципалдык мүлктүн натыйжалуу колдонулбай жаткандыгы талкууланды. Фонд сыйымдуулугу 140 орунга каралган мурдагы бала бакчанын имаратын ээлейт.  

   

Комиссия мүчөлөрүнүнүн жерине барып таанышуусунун жыйынтыгында фонддо 22 гана бала кармалганы белгилүү болгон. Комиссия мүчөлөрү “Светлый путь” ККФсына барган учурда балдар жылуулук берилбеген жайларда жашап жатышкан.

Мындан тышкары, “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду турмуштук оор абалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүү боюнча аккредитация алган эмес, бул мамлекеттин мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелет. “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин” 4-главасынын 27-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган турмуштук оор абалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди аккредитациялоодон өткөрүүсү керек. Ошентип, учурда фонд балдарга кызмат көрсөтүүгө укугу жок.

Фонддо балдар жыгачтан ар кандай оюнчуктарды жана сувенирлерди жасаган “Жакшылык устаканасы” иштейт. Кичи цехтин бардык продукциясы дүкөндөрдө жана жарманкелерде сатылат. Ошентип, фонд тарабынан балдар уюмунда коммерциялык ишмердүүлүк уюштурулган. Фондго ижаралык төлөмгө 100%  жеңилдиги бар  муниципалдык жай ижарага берилген. Жетекчилик ээлеген аймактын жана имараттын керек деңгээлде кармалышына тиешелүү көнүл бурбайт.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча, депутаттар мэрияга – аталган фондго башка жайды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну же окшош башка уюм менен кошуп имарат берүүнү, ал эми бошогон имаратты , Бишкек шаарында бала бакчалар үчүн имараттардын тартыштыгы курч көйгөйдү жараткан себептен, бала бакчага берүүнү  тапшырды.