Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордук окуу залдарды оптимизациялоо жөнүндө  Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда белгиленди.

Бишкекте   28 китепкана иштейт. Жалпы китеп фонду 884974 китеп нускасын, андан 103 749у кыргыз тилиндеги китептер түзөт.

 Борбордун вице-мэри Айгуль Рыскулованын сөзү боюнча  28 шаардык китепканадан 5-6 гана китепкана  стандартка ылайык келет.

“Тунгуч” кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктагандан кийин жертөлө кабатына  бул кичирайондо жайгашкан китепкана көчүрүлөт. Жакынкы убакта дагы бир “Библиокараван” долбоорун ишке ашыруу башталат. Долбоор негизинен конуштарда жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында,  китепканалардын  базасында ар бир каалаган адам кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрө ала турган маданий борборлорду ачуу жөнүндө маселе иштелип жаткандыгын”-  Айгуль Рыскулова айтты.

Азырку убакта китепканаларда “Электронная библиотека”, Библионяня” жана “Бибилиотека как третье место” долбоорлору ишке ашырылып жатат.