Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын  өткөн жылга жасаган иши жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө маалымат угулду.

2017-жылда бул мекеме 960 маанилүү иш чараларды уюштурду жана өткөрдү.

Чыгармачыл жамааттар ачык асман алдындагы концерттерде активдүү катышышты. Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын арасында көркөм чыгармачылыктын жана прикладдык искусствонун XIX фестивалы болуп өттү.

2018-жылдын пландарында  “Жаштык” жаштар борборунун базасында шаардык филармониянын курулуш башталат. Бишкектин 140 жылдыгын майрамдоонун алкагында  10 өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган биринчи эларалык “Наристе” балдар фестивалын  өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат.

Белгилүү ишмер, жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргызстандын борборунда бир топ масштабдуу иш чараларды өткөрүү пландалып жатат.