Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Кыргыз Республиканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин башкармалыгынын жыйыны болуп өттү, ага Республиканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин башкармалыгынын мүчөсү катары Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, ЖӨАБИЭАММАнын директорунун орун басары Мурат Байдылдаев жана өлкөнүн муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышты.

 

Жыйындын катышуучулары уюмдун жакынкы 3 жылга финансылык планы менен таанышып, муниципалитеттердин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо механизмдерине байланышкан маселелерди талкууга алышты жана ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин ишмердигин активдештирүү боюнча сунуштарды киргизишти.

 

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев жергиликтүү өз алдынча башкарууга дем берүү боюнча маселелерге токтолуп, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелерди козгоду.