Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Чыгыш календары боюнча Жаңы жылды майрамдоого арналган  эл достугунун фестивалы борбордун №2 орто мектебинде өттү. Бул ишчара адатка айланып калды.

Майрамдык ишчарага Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, Корея Элчилигинин алдындагы корей борборунун директору Мин Дж Щик мырза, Бишкек гуманитардык университетинин корей тили кафедрасынын башчысы, профессор Пэк Те Чон, райондук администрациянын өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Окуучулардын күчү менен майрамдык концерт тартууланды. Сахнада кыргыз жана корей тилдериндеги ырлар жаңырды, эки элдин бийлери бийленди.

Майрамдык куттуктоо сөзү менен төрага Алмаз Кененбаев чыгып сүйлөдү.

“Мени Чыгыш Жаңы жылын майрамдоого чакыргандыгыңыздарга кубанычтамын. Мында мен корей калкынын маданияты жана салты менен жакындан тааныша алам.

Таңкы салкындын өлкөсүндөгү Ай жаңы жылы Соллаль деп аталат жана жаздын келишинин симову болуп эсептелет.

 Солалды майрамдоо корей диаспорасын гана эмес, республикабызда жашаган башка улуттарды дагы бириктирип, ар түрдүү маданияттарды жана достукту чыңдайт, руханий байлыкты арттырат.

Корей маданияты каада-салттарын сактап кала алгандыгын баса белгилеп кетким келет. Өткөндү билбей, учурдагыны баалап, келечек жөнүндө ой жүгүртүш мүмкүн эмес деп ойлойм. Биздин басып өткөн жолубуз, тарыхыбыз жана улуттук маданиятыбыз – биздин тамырыбыз болуп эсептелет.

Бардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап, ден-соолук, бакыт, ал эми балдарга терең билим жана кенен келечек каалап кетким келет!”-деди борбор калаа кеңешинин спикери.