Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Эртең, 6-февралда Бишкек шаардык кеңешин кезектеги XIII сессиясы өткөрүлөт.

Сессиянын кароосуна 12 маселе киргизилген: Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошууга уруксатты берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө, Бишкек шаарынын боробрдук бөлүгүнүн ДПДсын (деталдуу пландоо долбоору) иштеп чыгуу боюнча аткарылган иш жөнүндө маалымат, Ижаралык пайдаланууга берилген Бишкек шаарынын токтотмолору, ошондой эле ижаралык пайдаланууга берүүгө пландалып жаткан токтотмо орундар боюнча маалымат, Бишкек шаарынын калкынын жугуштуу оорулар менен оорусунун абалы жана аларды кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан  чаралар жөнүндө маалымат, Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн башкаруучу уюмдарды же башкаруучуларды тандап алуу боюнча ачык конкурс өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө, Шаарды каптаган кара түтүнгө байланыштуу Бишкек шаарынын тургундарынын экологиялык коопсуздугу боюнча маалымат.