Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарында 2017-жылы калкты жана аймакты коргоо боюнча аткарылган ишчаралар жана 2018-жылга коюлган маселелер жөнүндө маалыматты угушту.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Майрамбек Жунусовдун берген маалыматына ылайык, борбор калаанын аймагында Ала-Арча жана Аламедин сууларынын  нугунда 59 участок өзгөрүүлөргө туш болуп жатат. Суу каптоолордун алдын алуу максатында жылыга мониторинг жүргүзүү жолу менен кооптуу участоктор аныкталып, ал жерде коргонуу чаралары көрүлөт. 2017-жылы Ала-Арча жана Аламедин сууларынын жээктерин бекемдөө жана нуктарын механикалык жол менен тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

2017-жылы коргоо боюнча ишчараларды жүргүзүүгө шаардын бюджетинен 1 867 984 сом бөлүнгөн.

2018-жылдын 26-январынан тартып 30-январына чейинки шашылыш билдирүүлөр мезгилинде Ала-Арчанын нугу менен кар, муз аралашкан суу агып, жыйынтыгында айрым участоктордо муз чогулуп, суунун шарын бөгөп, Биринчи май жана Ленин районундорундагы жээкке жакын жайгашкан кээ бир үйлөрдү каптаган.

Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий олуттуу кырдаал түзүлгөндүгүн, бирок алдын ала жасалган иштерден улам абалды калыбына келтирүүгө мүмкүн болгондугун белгиледи.