Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык кеңештин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңештин спикери, төраганын орун басары, фракция лидерлери жана туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаарынын мэри, вице-мэрлер катышты.
Жаңылыктар
Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык кеңеште депутаттык корпустун Эл аралык полициялык ассоциациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Делегацияны эл аралык президент Пьер Мартен Мулен жетектеп келди. Делегациянын курамына Израиль, Швеция, Россия, Казахстан, Австрия жана Швейцариянын өкүлдөрү кирген.
Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев жана орун басары Эмил Сыдыков бардык кызгызстандыктарды бул күн менен куттукташты.
Ленин районунун айымдарын куттуктоо салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Асылзат айымдарды шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, депутаттар Эрмек Усубалиев, Алмазбек Уланов, вице-мэр Геннадий Милицкий жана райондун башчысы Нурдин Тынаев куттукташты.
Сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн Бишкек шаардык кеңештин, мэриянын, прокуратуранын, ИИББнын, УКМКнын, ЖАМКнын, сот депатаментинин, финансы полициясынын жана башка органдардын өкүлдөрү келишти.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Асылбек Акылбеков, депутат Базарбек Абдраев жана Октябрь районунун администрациясынын өкүлдөрү билим берүү уюмдарынын объекттерин кыдырып чыгышты.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнүнө арналган мамлекеттик тууну көтөрүү ишчарасы салтанаттуу түрдө өттү.
Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрү: ТЖКЧ башкармалыгы, КМККБсы, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ИИМдин ПМББсынын МЭАБсы, “Бишкексууканал” ӨЭБсы жана “185” кызматынын 2018-жылга бюджеттеринин долбоорлоруна тиешелүү болгон 6 маселе киргизилген.
Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын өткөн жылга жасаган иши жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө маалымат угулду.
Бишкекте 8 музей иштейт. Шаардык мемориалдык музейлердин негизги фондун 14 131 экспонат түзөт.
Борбордук окуу залдарды оптимизациялоо жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда белгиленди.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары үстүбүздөгү жылга борбордун башкы финансылык документин талкуулоо процессине активдүү катышышты.
Бишкекте Мекен сакчыларынын күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо болуп өттү.
Ишчарага согуштун 22 ардагери жана жоокер-интернационалисттер чакырылган. Аларды Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев жана вице-мэр Айгүл Рыскулова куттукташты.
Бишкек шаардык парламентинин башчысы ардагерлерге кайрылып, алардын бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунга мекенчилдик тарбия берүү жаатындагы ролунун маанисин белгилеп өттү.
“23-февраль жалпы элдик майрам эле болбостон, бүгүн биз Советтик Армиянын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз!
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин кандай баа менен келгенин дайым биздин эсибизде, андыктан, ойго келбеген оор сыноолорго туруштук берген улуу жеңүүчүлөрдүн муунуна башыбызды ийип, ыраазычылык айткандан чарчабайбыз!
Сиздер Мекенге болгон сүйүүнүн күчүн, эрдик жана туруктуулук эмне экендигин далилдеп, келечек муунга элдин биримдигин көрсөткөн тарыхый сабак калтырдыңар. Жаштар сиздерден үлгү алып, эл-жерге болгон берилгендикке үйрөнөт,”-деди Алмаз Кененбаев.
Бишкек шаарына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн жана 95-жылдык мааракесинин урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго спикер Даректүү кат тапшырды.
Вице-мэр Айгүл Рыскулова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга бекем ден соолук каалады.
“Жеңиштин улуу туусун алып жүрүүчү сиздердин бар экендигиңиздерге биз чын дилибизден кубанабыз,”-деди ал.
Ишчара майрамдык дасторкон жана аскердик 100 грамм менен аяктады.
Мындан тышкары ардагерлерине шаардык бюджеттен 1000 сом өлчөмүндөгү бир жолку жардам көрсөтүлмөкчү.
Бүгүн Кыргыз Республиканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин башкармалыгынын жыйыны болуп өттү, ага Республиканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин башкармалыгынын мүчөсү катары Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, ЖӨАБИЭАММАнын директорунун орун басары Мурат Байдылдаев жана өлкөнүн муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн генералдары: Мырзакан Субанов, Абдыгул Чотбаев, Асанбек Алымкожоев, Мэлс Бекбоев, Жоомарт Бошкоев, Алик Мамыркулов, Тавылды Молдобаев, Малик Джумагулов, Анарбек Кошонов, Абибилла Кудайбердиев, Асылбек Ормокеев, Таалай Омуралиев, Кубанычбай Тыналиев, Закир Тиленов жана Токон уулу Токтобек чакырылган.