Борбордук шайлоо комиссия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “КСДП” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекитти.
Чечим 27-августта БШКнын отурумунда кабыл алынган.
Үстүбүздөгү жылдын 17-августунда Алмаз Кененбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.