Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовду тааныштырды.

Өкмөт башчы шаар башчыга жүктөлгөн зор жоопкерчиликти белгилөө менен айрыкча ырастагандай, республиканын борбору өлкөнүн экономикалык, ишкердик, илимий жана маданий борбору болуп саналат.

«Бишкектин жашоочулары жакынкы келечекте борбордо шаардыктар жана калаа меймандарына сезилерлик оң өзгөрүүлөр башталашын күтүшүүдө. Бүгүн биз Бишкек шаарынын жаңы башчысынан инфраструктуралык жаңылыктарды, анын ичинде архитектуралык кайта түзүүлөрдү күтүүдөбүз. Борборубузга Фрунзе шаарынын учурундагыдай, жашыл жана каралган шаар имиджин кайтарууга тийишпиз. Ошону менен бирге шаар башчынын ар бир кадамы, ар бир чечими шаардыктардын көзөмөлүндө болушу маанилүү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Стратегиясында белгиленген бир катар багыттарды ишке ашыруу зарыл.

«Документте жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча маанилүү багыттар камтылган, алар шаардык муниципалитет тарабынан ишке ашырылууга тийиш. Белгилей кетсем, биз Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган мамлекетти өнүктүрүү багытына ылайык иштейбиз», – деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жаңы мэрге ийгиликтерди каалап, Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштерди күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев өз кезегинде Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын мэри кызматына шайланып, киришип жатканыңыз менен чын жүрөктөн куттуктап, депутаттар тарабынан Сизге көрсөтүлгөн ишеним ушул жогорку кызматта конструктивдүү иштөө, шаардын социалдык-экономикалык потенциалын бекемдөө, тургундардын жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн жакшы негиз болуп,  Сиздин компетенттүүлүгүңүз, билимиңиз, тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз шаар алдында турган милдеттерди чечүүдө  ийгиликтердин ишенимдүү ачкычы болуп берет деп ишенээрин билдирди.