Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаардык кеңештин кезексиз 19-сессиясы болуп өттү.

Сессиянын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “КСДП” фракциясына жаңы депутат болуп келген Асель Пирматовага мандат тапшырды.  А. А. Пиматова депутат болуп 3-жолу шайланууда.

Сессияда көпчүлүк коалициясынын таркатылгандыгы жана жаңысы түзүлгөндүгү жарыяланды. Көпчүлүк коалициянын курамына төрт фракция “КСДП”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата Журт” фракциялары кирди.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов алардын фракциясы эми оппозицияны түзөөрүн маалымдады.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат К. К. Конгантиев өз талапкерлигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайта чакырып алды.

Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидери Жумабек Салымбеков борбор калаанын парламентинин төрагалыгына Жаныбек Абировдун талапкерлигин сунуштады. Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына Жаныбек Абировдун талапкерлигин 40 депутат колдоп,             1 депутат калыс болду. Ошентип, Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Бишкек шаардык кеңештин жаңы шайланган төрагасы Жаныбек Абиров кесиптештерине жасаган кайрылуусунда так, ачык-айкын, эч кимди бөлбөй, ак ниеттик менен калыс иштөөгө даяр экендигин билдирди. “Бишкек шаардык кеңештин максаты – шаар жана шаардыктар үчүн зарыл жана маанилүү болгон токтомдорду иштеп чыгуу, кабыл алуу жана алардын аткарылышын контролдоо” – деди ал.

Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы катары алчу айлык маяналарын карымдуулукка жана социалдык муктаждыктарга жумшаарын билдирди. Шаардык кеңештин спикери акысыз, коомдук башталышта иштөөгө ниеттенүүдө.

Сессия учурунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары дагы шайланды. Ал кызматка Русланбек Жакышов келди.