Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИИББинде маалыматтык бөлүктөрдүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналаган ишчара болуп өттү.

ИИББдин башчысы Сталбек Абдрахманов кесиптештерин бул дата менен куттуктады. Маалымат-аналитикалык борбордун жетекчиси милициянын полковниги Саламат Адылов Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИИББинин маалыматтык бөлүктөрүнүн түзүлүү жана калыптануу тарыхына токтолду.

Маалыматтык бөлүктөрдүн жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциянын кызматкерлерин Бишкек шаардык кеңештин атынан спикердин орун басары Русланбек Жакышов куттуктады.

“ИИМдин маалымат-аналитикалык борбору күн сайын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарды кылмыштарды иликтөө, ачуу жана алдын алууга зарыл болгон маалыматтар менен камсыздайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасын өнүктүрүү маселелерин жүзөгө ашырат. Учурда 17 млн бирдик түрдүү маалыматты камтыган ыкчам-издөө жана алдын алуу багытындагы мыкты маалымат банкы түзүлгөн. Ушул залда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери катышып отурат, биз алардын эмгегин дагы белгилеп кетүүнү туура көрдүк. Кыргызстанда 2 млн. 147 миң жашы жете элек өспүрүм бар. Сиздер балдардын кылмыштуулугу менен күрөшүп келесиздер, балдардын көчө балдарына айлануусунун алдын алуу боюнча чоң иштерди аткарасыздар. Ушул татаал эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем!-деди ал.

Ошону менен бирге Р. Ш. Жакышов бардык кызматкерлерге бекем ден-соолук жана иштерине албан ийгиликтерди каалады.

ИИББдин бир катар кызматкерине Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары тапшырылды.