Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
2025-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезексиз X сессиясы болуп өттү.
Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтөт
2025-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйынында кезектеги IV Элдик Курултайга катышуу үчүн шайланган делегаттардын тизмеси:
2025-жылдын 1-ноябрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйыны болуп өттү.
1-ноябрында, саат 10-00дө, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.

Жаңылыктар

2025-жылдын 17-октябрынан 22-октябрына чейин Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйындары өткөрүлөт.

15.10.2025


“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгына, 2024-жылдын 21-декабрында III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө”  жобосуна, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына  ылайык, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы №63 токтомунун негизинде, 2025-жылдын 17-октябрынан 22-октябрына чейин Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйындары өткөрүлөт.

 

Тиркеме (docx. 31kb)

XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин иши жөнүндө

10.10.2025

XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Бул аралыкта  тогуз сессия өтүп, анда депутаттар борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан ар кандай маселеле боюнча 62 токтомду карап, кабыл алышты.

- Бишкек шаарынын бюджети 2025-жылга бекитилди;

- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилди;

- Бишкек шаарын көрктөндүрүү  эрежелери бекитилди;

- административдик райондордун жана МАБ аймактарынын чектери бекитилди;

-«Таза асман-2030» концепциясы кабыл алынды;

- Бишкек шаарында көңүл ачуучу парк куруу жана иштетүү жөнүндө токтом кабыл алынды ("Евразия" паркы, Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан);

- аз камсыз болгон жана жеңилдетилген категориядагы жарандарга белгилүү даталарга карата жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө жобо бекитилди.

Ошондой эле, 9 айдын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, шаар куруу, экология, социалдык коргоо жана бюджеттик саясат тармактарындагы негизги маселелер каралып, туруктуу комиссиялардын активдүү иши жүргүзүлдү.

Шаарды көрктөндүрүү, аз камсыз болгон калктын катмарын колдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкек шаардык кеңеши эл аралык кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, боордош шаарлардан жана эл аралык уюмдардан келген делегацияларды кабыл алды, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо максатында чет өлкөлүк иш сапарларга чыгышты.

Иштин жүрүшүндө депутаттар борбор калаанын тургундары менен ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө умтулушту, жарандардын кайрылууларын кабыл алышты, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүштү жана шаардын актуалдуу көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө көмөктөшүштү.

XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңеши шаардыктардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, борбор шаарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүн улантат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 26-сентябрынан 3-октябры саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.

26.09.2025

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 26-сентябрынан 3-октябры саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.

 

         Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу;

- макулдук формасы.

         Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

         Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз,  жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтардын типтүү формасы.

         Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65

 

Тиркеме (docx.27kb)

Тиркеме 2 (docx.28kb)

Тиркеме 3 (docx.16kb)

2025-жылдын 29-сентябрында, саат 9-00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы болот.

26.09.2025

2025-жылдын 29-сентябрында, саат 9-00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы болот.

БШКнын токтомдору

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Бишкекского городского кенеша

от 30 июня 2020 года №156

О даче согласия на привлечение бюджетной ссуды из республиканского бюджета

В соответствии со статьей 57 Бюджетного кодекса Кыргызской Республики и Закону Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы» от 08 июня 2020 года №60, принимая во внимание письмо Министерства финансов Кыргызской Республики от 21 мая 2020 года № 08-1-2/4705, Бишкекский городской кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

1. Дать согласие мэрии города Бишкек на привлечение бюджетной ссуды из республиканского бюджета в сумме 744 000 000 (семьсот сорок четыре миллиона) сомов.

2. Мэрии города Бишкек:

-  направить средства, указанные в пункте 1 настоящего постановления, по целевому назначению -  на оплату труда и отпускных работникам учреждений образования города Бишкек;

- провести соответствующие процедуры по заключению договора с Министерством финансов Кыргызской Республики;

- совместно с Министерством финансов Кыргызской Республики подготовить постановление Правительства Кыргызской Республики о поэтапной передаче расходов на оплату труда учреждений образования по городу Бишкек на финансирование из республиканского бюджета Кыргызской Республики включающее создание рабочей группы и определение сроков передачи.

3. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную комиссию Бишкекского городского кенеша по бюджету и финансам и первого вице-мэра города Бишкек А. К. Бакетаева.

 

Председатель                                                                       Ж. Б. Абиров