Сессия Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага төраганын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Алмаз уулу Аскар, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациядарынын башчылары, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессиянын башталышында Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары - Алмаз Шананов («Ынтымак» фракциясы) жана Шаршенбай уулу Руслан («Эмгек» фракциясы) салтанаттуу түрдө ант берип, расмий түрдө депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Бектемиров «Ынтымак» фракциясынын лидери болуп шайлангандыгына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берди. Депутаттар анын арызын колдошуп жашыруун добуш берүү аркылуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына депутат Алмаз Шанановду шайлашты.
Күн тартибиндеги бардык маселелер эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, анын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы өз ишин ийгиликтүү аяктады.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

