Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

soprovod_kg.png

                                     Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы

   2026-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 605/3

дарегинде жайгашкан турак эмес жайды

жер участогу менен мамлекеттик менчикке

акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына                                    ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                                  2026-жылдын 1-апрелиндеги № 213 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 605/3 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-02-06-0014-0836, аянты 0,5308 га жер участогу менен турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                           

 

Негиздеме-маалымкат (docx.28kb)

Тиркеме (pdf.4.1mb)    

Финансылык корутунду (pdf.78kb)

Юридикалык корутунду (pdf.47kb)