Урматтуу борбор калаабыздын тургундары, мекендештер!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди. Нооруз майрамы - токчулуктун, ырыскынын, жаңылануунун майрамы! Байыртадан бул күн жаңы көктөмдүн башталышын жар салган өзгөчө күн катары белгиленип келген. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, күн түн менен теңелип, табият ойгонот.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, ар бир үйгө бакыт, кубаныч алып келсин! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими болсун.
Шаарыбыздын өнүгүшү, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу - биздин башкы максатыбыз. Биргелешкен аракет, жоопкерчилик жана жарандык активдүүлүк аркылуу борбор калаабызды мындан да көрктүү, ыңгайлуу жана коопсуз шаарга айландыра алабыз деп ишенем.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Нооруз жүрөгүбүздү кубанычка, жаркын келечекке болгон үмүткө толтурсун. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жанырып, бакыт менен ырыскыга толсун, өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун!
Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

