2014-жылдын 15-январында Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз IXсессиясы болуп өттү. Күн тартибине борбор калаанын мэрин шайлоо маселеси коюлган.
Талапкер болуп Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясы тарабынан сунушталган жана көпчүлүк коалициясы тарабынан колдоого ээ болгон Кубанычбек Кулматов чыкты.
Кыргыз Республикасынын “Борбор калаанын макамы жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесинин 4,5-пункттарына ылайык шайлоо жабык өтөт. Шайлоого Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышышы шарт. Жеңген болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын жартысынан көбүн топтогон талапкер эсептелет.