Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” фракциясынын депутаты Жаныбек Абиров балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында таяныч кыймылдоо системасы жабыркаган балдар үчүн №164 атайын мектепке чейинки уюмунун тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктады.

Бакчанын тарбиялануучуларынын күчү менен уюштурулган концерттик программа, оюн-зоок, конкурстар майрамдын конокторуна жана балдардын өздөрүнө жакшы маанай тартуулап, майрамдык шаң жаратты.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өз куттуктоо сөзүндө №164 балдар бакчасынын тарбиялануучуларына жакын арада жасалма жабуу менен мини-футбол талаасын куруп берүүнү убада кылды.