Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкекте ЕАЭУнун катышуучу-өлкөлөрүнүн “ЕАЭУ мамлекеттеринин антитеррордук күрөшү: биргелешкен тажрыйба, реалдуулук жана перспективалар” антитеррордук форуму өтүп жатат.

Форумдун ишинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин, күч жана укук коргоо структураларынын, Кыргызстандын тышкы саясый ведомстволорунун өкүлдөрү жана Казахстандын делегациясы катышты.

Пленардык жыйында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко чыгып сүйлөп, терроризмдин учурдагы проблемалары жана терроризмдин түрлөрү боюнча сөз сүйлөйт.

21-июнда Жеңиш аянтында гүл коюу аземи жана митинг-реквием өткөрүлмөкчү.

Жаны Жер айылындагы музыкалык мектепке Бесланда баатырларча курман болгон Россия Федерациясынын Федералдык Кооспуздук Кызматынын атайын дайындоо борборунун майору Андрей Вельконун наамы берилмекчи. Бул окуяга арналып митинг-реквием жана курман болгон кызматкердин мемориалдык тактасына гүл коюу аземи пландалууда.