Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бардыгыңыздарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен чын жүрөгүмдөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Ыйык Орозо айы – бул кечиримдүүлүктүн, сабырдуулуктун жана жан дүйнөнүн тазалануусунун айы.

Бул ай биз үчүн өзгөчө мааниге ээ – Жаратканга сыйынып, жакшылык, бейпилдик жана мээримдүүлүк сурайбыз.

Ар бир мусулман аткарган парзы менен коомду сый-урматта жана биримдикте жашоого үндөйт.

Илгери үмүт жана асыл тилектер менен күткөн Улуу Рамазан айы ар бир үй-бүлөгө ынтымак жана береке, мамлекетибизге тынчтык жана туруктуу өнүгүү алып келишине тилектешмин!

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!