Бишкек шаардык кенештин төрагасы Жаныбек Абиров, анын орун басары Русланбек Жакышов жана Бишкек шаардык кенештин депутаттары Жумабек Салымбеков, Асылбек Кадралиев, Эмил Сыдыков жана Айжигит Апсатар уулу Ош шаардык кеӊештин аппараты менен таанышышты.
Жаңылыктар
Бүгүн Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында борбордун маданият кызматкерлерин куттукташты.
2017-жылы жана 2018-жылдын 9 айы үчүн Бишкек шаарынын саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын, борбордук муниципалитеттин Капиталдык курулуш башкармалыгынын отчеттору, ошондой эле Элебесов көчөсүндөгү жана «Ак-Тилек», «Дордой», «Энесай» конуштарында борбордук канализациянын курулушу боюнча жасаган иш жөнүндө отчету угулган Бишкек шаардык кеңештин «КСДП» фракциясынын отуруму болду.
Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартип боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева борбордун ИИББсынын жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлерин куттуктады.
Жыл сайын 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин депутаты Эмил Сыдыков, Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов, Октябрь районунун ИИБсынын начальниги Уланбек Султанов, Октябрь районунун прокурору Улукбек Султанов жана милициянын ардагерлери катышты.
Борбордун ИИББсында Кыргыз Республикасынын милициясынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого карата иш-чара болду.
Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары — Русланбек Жакышов борбордун Ленин районунда болуп, “Чон-Арык”, “Киргизия” айылдарынын жана “Арча-Бешик” конушунун жашоочулары менен жолугушту.
Бүгүн, 30-октябрда Ибраимов көчөсүндө гүлбакча ачылды. Бузулган курулуштун ордуна гулбакча уюштурулду.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев Биринчи май районунун жашоочуларынын кайрылуусу боюнча Профсоюз, Кайназаров, Волков жана Мессарош көчөлөрүндөгү иштердин жүрүшүн барып текшерди.
Бүгүн Бишкек шаарында баштапкы медициналык-санитардык жардамды оптимизациялоо маселеси талкууланган тегерек стол болду.
Бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин орун басары Максатбек Есеналиев катышты.