Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы ВЧК-КГБ-КР УКМКнын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маараке өткөрдү.

Мааракеге КР УКМКнын ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, шаардык соттун төрайымы Ирина Воронцова, Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов, Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы Сталбек Рахманов жана шаардык кызматтардын жетекчилери чакырылган.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров КР УКМКнын ветерандарын жана кызматкерлерин куттуктап, комитеттин мыкты кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.