Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бул долбоор, Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын колдоосу менен ишке ашты.

Презентацияга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Гульнара Молдобаева, КРнын саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, вице мэр Асель Куламбаева, Бишкек шаарынын Ыкчам медициналык борборунун мүдүрү Искендер Шаяхметов, дарыгерлер, медайымдар, фельдшерлер жана башкалар катышты.

Медициналык борбордун диспетчер бөлүмүндө келген конокторго системанын иши көрсөтүлдү.

Автоматизация системасы калкты тейлөөдөгү сапатты жогоруутулачуу үчүн, биринчи иретте адамдардын өлүмүн азайтууга жана ыкчам медициналык жардамды көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү жоюга багытталган.

Автоматизация жана статистикалык бөлүмүнүн дарыгеринин жана айдоочусунун сматрфонундагы мобилдик тиркемеге жарандардан келип түшкөн чалууларды кабыл алынып, аларды бөлүштүрүп берүү диспетчер бөлүмүн программалык камсыздоо системалары каралган.

Долбоорду ишке ашырууда, жергиликтүү бюджеттен керектелүүчү жабдыктарга жана программалык камсыздоого 6,7 млн сом бөлүнгөн.

Система эки күндөн бери тесттик режимде иштеп жатат.