Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров турак-жай коммуналдык чарба, билим-берүү, саламаттыкты сактоо, спорт тармагынын, укук коргоо органдарынын, МАБдардын, маданият жана искусство кызматкерлерине БШКнын Ардак грамоталарын жана “Бишкек”, “Патриот”төш белгилерин тапшырды.

Сыйлыктарды тапшыруу иш-чарада төраганын орун басары Руслан Жакышов, «КСДП» фракциясынын төрагасы Эрмек Усубалиев жана ТЖКЧ, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Сайдахмат Исмаилов катышты.

БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров сыйлык ээлерин алган сыйлыктары менен жана келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап кетти.