Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

КР БШК айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоону жарыялайт

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында   жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.

         Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат.

         “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

         Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жете комплекттөө үчүн жарандар, коомдук бирикмелер Бишкек шаардык кеңешине документтерди 2024-жылдын 26-июлунда саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл.

        

         Шайлоо комиссияларынын резервине киргизүүгѳ берилүүчү документтердин тизмеси:

- талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо боюнча милдеттенмеси;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин  көрсөтүү  менен ѳмүр баян жѳнүндѳ маалымат (кадрларды эсепке алуу баракчасы же резюме);

- байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номерлери;

- көрсөткѳн  субъекттин протоколу.

         Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун  аймагында жашоого тийиш экендигин эске алуусу зарыл.

 

 

Керектүү документтердин үлгүлөрү: арызсаясий партиянын протоколужарандардын чогулушунун протоколу

 

 

Сурап билүү телефону: 

Бишкек шаардык кеңеши: (0312) 613465, (0312) 611751

 

БАШК : (0312) 382426