Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, депутаттар жана аппаратынын кызматкерлери «Кыргыз Рнын учурдагы Конституциясынын жана мыйзамдарынын контекстинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ыйгарым укуктары, ролу жана орду» деп аталган үч күндүк семинарга катышууда. "Семинар эл аралык республикалык институт (IRI) тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын башталышында шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары директор Димитар Стойковго ыраазычылыгын билдирип, ага шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин атынан ыраазычылык катын тапшырды жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.
Программанын алкагында катышуучуларга жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга кыскача укуктук талдоо тартууланды. Бул семинар депутаттардын ишмердүүлүгүндө жакшы теориялык базаны түзүп, шаардыктардын актуалдуу маселелеринде негиздүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт. Семинардын катышуучулары чакан топтордо практикалык жана аналитикалык иштерди жүргүзүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы саясаттын ролун талкуулап, жаңы көз карашка ээ болушууда. Ошондой эле бул семинарды өткөргөн программанын координатору Айсулуу Акуновага жана эл аралык республикалык институтунун программалык ассистенти Акинай Шайдиевага терең ыраазычылык билдиребиз.