Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын депутаттары Эльмир Досалиев жана Руслан Шаршенбай уулу 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

Бишкек шаардык кенешинин «Эмгек» фракциясынын депутаттары Досалиев Эльмир Акуналыевич жана Руслан Шаршенбаевич 2022- жылдын 1-июнь күнү Аламедин Гранд “Иллюзион” балдар оюн аянтчасында Свердлов районунун 500дөн ашуун балдарга жакшы маанай тартуулашты. Балдар - биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы.

Бул күнү ар бир ата-эне балдарына мээримин жана сүйүүсүн төккөнгө умтулат. Эң башкысы, бул күн балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин дагы бир жолу биздин эсибизге сала турган күн.

Свердлов районунун балдары кино көрүп, оюн аянчаларында 4 сааттык оюн ойноп, малмуздактарды алышты. Райондун эне-аталары депутаттарга ыраазычылыгын айтышып баталарын беришти.