Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында жаңы конуштарды өнүктүрүү перспективалары боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин маалыматтары угулду.
Жаңылыктар

2019 - жылдын 1-ноябрында Бактыбек Абдиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык кеңештин регламент, этика, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп отту.
Комиссиянын отурумунда Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал, абанын булганышы, полиэтилен пакеттер боюнча маалыматы угулду.

2019-жылдын 30-октябрында № 79 орто мектебинин жыйындар залында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Токтосун Султанов, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери чакырылган.

Бүгүн, 2019-жылдын 31-октябрында, Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын көчмө жыйынында, туруктуу комиссиянын депутаттарынын, Бишкек шаардык кеңештин төрөгасынын орун басары Русланбек Жакышовдун, Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын (ШТБ) иши тууралуу маалымат угулду.

Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык № 6 клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан “Сезим” бейөкмөт уюму жана “Микрохирургия глаза” ээлеген жайлар боюнча маселе каралды.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусу менен, Джал кичи районунун Ахунбаев көчөсүнүн №194 үйдүн жашоочуларынын кайрылган арызынын негизинде, Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн (түштүк-батыш тарабындагы) кесилишинде жайгашкан жер участогу боюнча көчмө жыйын уюштурду.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.

Бүгүн, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаевдин төрагалыгынын алдында коллегиянын отуруму өттү.

Ленин районунун жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы 2019-2020 окуу жылына болгон даярдыгы текшерилди.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов бүгүн Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери күнү менен куттуктады.
Депутат Адиса Имангазиева борбор калаабыздын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүн мектепти мыкты деген баа менен бүтүрүшү менен жана өз алдынча чоң жашоонун башталышы менен Бишкек шаардык кеңештин атынан куттуктады.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин Президиуму кезектеги XXIV сессиинын отрурумн өткөрүүнүн 2019-жылдын 27-июнуна 09-00гө белгиледи.

Бүгүн Бишкек шаарынын түштүк зонасын суу менен камсыздоо, техникалык шарттарды берүү жана “Бишкексууканал” ӨЭБ колдонгон тарифтерди изилдөө жөнүндө жумуш комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

Күн тартиби боюнча
Бишкек шаарынын мэриясы сунуштаган “Бишкек шаарынын аймагындагы акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруучу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” БШКнын токтомунун долбоору каралды.

Бул долбоор коомдук талкууга 2019-жылдын 5-мартынан баштап Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтында “Токтомдордун долбоорлору” бөлүгүндө жайгаштырылган (расмий сайттын шилтемеси https://clck.ru/GXv4y).