Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 96 жаштагы АсекАта-Мекен согушунун ардагери, “Ак жол” коомдук фондунун президенти Урманбетов атабыздын кайрымдуулук боюнча иш-чарасы “Сейтек” борборунда өттү.

Өзүнүн жашына, ден-соолугуна карабай, ар кандай курактагы майыптарга, өтө муктаж инсандарга, жетим балдарга, жаш жубайларга жардам берүүнү 2 миллион сомго жеткирем деп, күжүрмөн иш алып барып жаткан Асек атага Бишкек шаардык кеӊештин атынан жана өзүмдүн атымдан тереӊ ыраазычылык билдирем.
Сиз бизге, өсүп келе жаткан муунга, патриоттуулуктун, мекенчилдиктин, кайрымдуу болуунун, үлгүсү болуп келесиз.
Улуу Ата-Мекендин ардагери Асек атабыз - сизге бекем ден - соолук, бакубат жашоо жана ишиӊизге ийгиликтерди каалайбыз!” деди өз сөзүндө Аскарбек Күрүчбеков.