Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасын Нагира Сарбашовага тапшырып, мелдештин катышуучуларынын духун, чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, спорт чеберлери жетишкендиктери менен Кыргызстандын атын чыгарып, даңазалап жатканына ыраазычылык билдирди.

30-августтан 6-сентябрга чейин Түштүк Кореяда өтүп жаткан жоокердик өнөр боюнча дүйнөлүк оюндарда кыргызстандык мушкерлер мыкты көрсөткүчкө жетишишкен. Мелдештин программасы бонча мушкерлер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашышкан. Бардыгы болуп 30 өлкөдөн 120 спортчу “Алыш” боюнча мелдешке катышышкан.
Алардын ичинен Нагира Сарбагышова алтын медалга ээ болуп, биринчиликке ээ болгон.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, 2016-жылы Нагира Сарбашова Британиянын ВВС агенттиги уюштурган "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине кирген. Долбоорго жалпысынан 100 аял кирген, анын ичинен төртөө Борбордук Азиянын айымдары. Алардын экинчиси, кыргызстандык жаачы Асель Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону.