Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев “Өзгөчө кам көрүү” марафондун алкагында, Биринчи май районунун жеткинчектерин келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.
Жаңылыктар
Эльмир Досалиев жана Руслан Шаршенбай уулу 3 күн катары менен өзгөчө кам керүү менен белек таратышты
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Руслан Шаршенбай уулу жана Эльмир Досалиев Бишкек шаардык кеңешинин салтына айланып калган, Жаңы жылдык “Өзгөчө кам көрүү” марафондун алкагында борбор калаабыздын Свердлов районунун кичинекей тургундары үчүн жаңы жылдык маанай тартуулашты.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси коюлган оор атлетика боюнча эл аралык мелдешке катышты.
Комиссиянын отурумунда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын 2021-жылдын 10 айы үчүн иши, мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусуна жергиликтүү бюджеттен бир күндүк нормативин көбөйтүү жөнүндө маалымат, ошондой эле “Аялзат” балалуу аялдарга жардам берүү борборунун иши жөнүндө маалымат угулду.
Жыйындын ишине Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэрлери жана айрым түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Сиздердин мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар зор – бекеринен энергетика тармагы экономиканын өзөктүү тутуму деп айтылат.
Сиздерди, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, жана жеке өзүмдүн атымдан, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
2021-жылдын 16-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары “Чыгарылган газдарды азайтуу: жеке үйлөрдү кантип жылытуу жана түтүндүн өлчөмүн азайтуу” деген темадагы Шаарканга катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучулары «MovGreen» бейөкмөт уюму, «Юнисон Групп» коомдук фонду, «Урбан Хаб» коому, ЮЖБ «Кыргызстандын Жашыл Альянсы».
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны Куванычбек Конгантиевдин катышуусу менен Асылбек Акылбековдун төрагалыгы менен өттү.
2021-жылдын 15-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин, төраганын орун басары Токтосун Султановдун катышуусунда жана Таалайбек Сариевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Мындан туура 63 жыл мурун кыргыз телекөрсөтүүсү негизделген. Ошондон бери көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, мезгилдин тенденциясына шайкеш келүү үчүн телекөрсөтүү өзү да тез өнүгүп жатат. Санариптик көрсөтүүнүн форматына өтүү менен, сутканын 24 саат бою эфирге чыга ала тургандыкка байланыштуу, азыркы убакта кыргыз телекөрсөтүүнүн диапозону кеңейди.
3-декабрь Эл аралык майыптар күнү болуп өттү. Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга дагы бир себеп. Колдоого жана жардамга муктаж болгондорго кайдыгер карабагандар дагы биздин арабызда аз эмес.