Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2022-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы болуп өттү. Күн тартибине ылайык, депутаттар “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын               15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” маселени карады.

Сессияга ошондой эле Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, вице-мэр Олег Попиков, аппарат жетекчи Азиз Садырбеков жана муниципалдык административдик райондордун башчылары катышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бактыбек Абдиев туруктуу комиссиянын корутундусун окуду.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча сессия 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10:00дө Чүй проспектиси, 251 дареги боюнча (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы) Улуттук Курултайдын делегаттарын көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын дайындоо жөнүндө чечимин кабыл алды, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилди, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия түзүлдү жана курултайга өкүлчүлүктүн нормасы 800 делегат санында аныкталды.

Курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссиясына Бишкек шаарынын калкын боло турган Курултай жөнүндө маалымдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү жана 2022-жылдын 25-октябрына чейинки мөөнөттө жергиликтүү жамааттардын курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү тапшырылды.