Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Баткен облусунда болуп өткөн каргашалуу окуяларга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жаракат алгандарга – тез арада сакайып кетүүлөрүн жана чың ден соолук тилейм.

Каргашалуу окуялар Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүн сыздатты.
Көз ирмемде өмүрү кыйылган мекендештерибизди боор ооруп, кайгыга салган эч бир сөз кайра кайтара албайт.
Алардын элеси ар дайым өлкөбүздүн ар бир жаранынын жүрөгүндө сакталат!
Карапайым калктын, мекендин сакчылыгында турган жоокерлерибизге, күч органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле, кыйын күндөрдө кагылыш болгон жерде элге биригип колдоо көрсөткөн жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.