Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«___» __________2024-жыл

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

«Строй-Стоун» жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасын көмүр менен камсыздоо боюнча маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июлундагы № 367 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоонун айрым маселелери жөнүндө» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. «Строй-Стоун» жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин (юридикалык дареги: Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы, Узакбек көчөсү, 7).

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

маалымкат-негиздеме (docx. 22kb)
финансылык корутунду (docx. 37b)
юридикалык корутунду (docx. 20kb)